Turmush — Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Пригород айыл аймагындагы 14 га жаӊы конушуна трансформатор орнотулду. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Бакыт Шеримбеков билдирди.
Анын айтымында, быйылкы жылы бюджеттин эсебинен ар бири бир миллион сомго болгон эки трансформатор алынды. Анын бири буга чейин Үмүт жаӊы конушуна орнотулса, экинчиси 14 га жаӊы конушуна коюлду.
Аталган жаӊы конуш 2005-жылы түптөлгөн. Анда 100дөн ашуун түтүн жашайт.