Turmush — Аламүдүн районунун МТФ айылында дарыяга агып кеткен адам изделип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, куткаруучуларга Чу дарыясына 1990-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 10 куткаруучу 3 дрон менен, ИИМден 15 кызматкер, УКМКнын чек ара кызматынан 2 кызматкер, туугандарынан 4 адам тартылган. Натыйжа болгон жок. Аны издөө иштери улантылат.