Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 17.10.2017 14:32 На русском

Фото - Маевкада бир нече унааны жана турак үйлөрдү өрттөгөн киши изделип жатат

Turmush -  Акыркы сутка ичинде Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылынын аймагында онго жакын ѳрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айылдын тургуну Альбина Метерова билдирди.

Анын айтымында, 16-октябрда саат 21:00дөн тарта 17-октябрда саат 03:00гѳ чейин онго жакын ѳрт кырсыгы катталган.

«Биздин автоунаанын жарымы, үйүбүздѳ батирде турган үй-бүлѳнүн автоунаасы толугу менен күйүп кетти. Алардын унаасы сыртта токтоп турган. Биздики короодо болчу. Белгисиз бирѳѳ түнкү саат 02:30 чамасында сырттагы унааны, андан кийин короодогу биздин унааны өрттөп кетиптир.

Биз сырттагы жалынды кѳрүп чуркап чыксак, короодогу унаабыздын май куюучу жагы ѳрттѳнүп жатыптыр. От алоолонуп, турак жайларга жакындап калыптыр. Өрт ѳчүрүү кызматын чакырып, алар ѳрттү ѳчүрүп калышты. Биз бул өрттү өчүрүүгө жардам берип жүргѳндѳ, 5-6 үй ары жашаган кошуналарыбыз чуркап келип, белгисиз бирѳѳ дагы бир үйдү ѳрттѳп кеткендигин айтышты. Алардын айтымына караганда, белгисиз киши кермеде жайылган кийимдерди чогултуп, ага ѳрт койгон. Аны үй ээси убагында кѳрүп, ѳчүрүүгѳ жетишип, кѳчѳгѳ чуркап чыкканда узун бойлуу, кара баш кийим кийген жигиттин Ак-Босого жаңы конушу көздөй кетип бара жатканын кѳргөн.

Биз укук коргоо органдары менен сүйлѳшүп жатканда Ак-Босого конушунан азык-түлүк саткан дүкөн өрттөнгөнүн кабарлашты. Биздин дагы бир кошунабыз Жаш Гвардияда бир таанышынын өрттөнүп жаткан автоунаасын өчүрүүгө жардам бергенин айтып келди. Ал мындан тышкары, укук коргоо органдары менен чогуу Ак-Босого конушуна барып, күйүп жаткан эки турак жайдагы жана үйлөрдүн биринин короосундагы кымбат унаадагы өрттү өчүрүүгө жардам кылган. Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери келип, Жаш Гвардияда дагы 5 ѳрт кырсыгы катталганын айтышты», - деди ал.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыгы катталгандыгын кабарлаган.

Маалым болгондой, Чүйдүн Аламүдүн районунун Маевка айылында «Тойота Калдина» (мамлекеттик номуру В 53-09 АХ) үлгүсүндөгү унаанын салону, жүк салуучу бөлүгү жана «Фиат» (мамлекеттик номуру S 49-62 АР) үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Учурда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Аламүдүн районунун Маевка айылында унааларды өрттөп кеткен шектүүнү издеп жатат. ИИМдин маалыматына ылайык, аталган айылда 16-октябрдан 17-октябрга караган түнү башка бирөөнүн мүлкүн өрттөө боюнча бир нече факты катталган.

«Жаш Гвардия көчөсүндө жайгашкан чакан үйдү өрттөөгө аракет кылышкан. Анын кесепетинен эшик жана терезелери күйгөн. Ал эми, Сельская көчөсүндө "Тойота Калдина" жана "Субару" үлгүсүндөгү унаалардын бөлүктөрү жана "Фиат" үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөнгөн. Окуядан адамдар жабыркаган эмес. Бул боюнча ыкчам-иликтөө иштери башталды. Мүлктөрдү өрттөөгө 30-35 жаштагы психикалык жактан жабыркоосу мүмкүн болгон эркек киши шектелип жатат. Башка булактарда бул окуя эл аралык чыр-чатакты жандандыруу аракети катары маалымдалууда. Биз мындай жашыруун сыр жок экендигин белгилейбиз», - деп айтылат маалыматта.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

«Бир кемпирдин үйүнѳ терезе аркылуу кирип, паластарын белгисиз бирѳѳ өрттѳп жатканда, аны үй ээси кѳрүп калган. Кылмышка шектүү бети-башын чапкылап, кыйкырган бойдон сыртка качып кеткен. Ал кемпирдин айтуусунда, белгисиз киши бою узун, 20-30 жаштардын ортосундагы эркек бала болгон. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренесинин (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергѳѳ иштери жүргүзүлүүдѳ», - деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×