Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 21.10.2017 00:20

Айыл турмушу: 34 жыл эл агартуу тармагында иштеген Р.Бегалиева бир катар мамлекеттик сыйлыктын ээси болду (фото)

Turmush -  Аламүдүн районунун Таш-Төбө айылынын 60 жаштагы тургуну Роза Бегалиева 34 жылдан бери эл агартуу тармагында эмгектенип, бир топ наамдар менен сыйланды. Аймактык кабарчы мугалим менен таанышты.

«Чоң-Таш айылында төрөлүп, ушул жерде өстүм. Атам Улуу Ата Мекендик согушка катышып, бутунан жаракат алып келген. Ал боорукер, чынчыл, айкөл адам эле. Атам өмүр бою дүкөнчү болуп иштеп, 80 жашында каза болду. Апам экөө 7 баланы өстүрүп, алардын билим алуусуна шарт түздү. Апам билимдүү, эмгекчил, орус тилинде сүйлөп жана жаза алган адам болгон. Мындан тышкары, колунан көп иш келген чебер болуп, сайма сайып, түймө түйүп, төшөк, ала кийиз, шырдак жасачу.

Апам биздин билим алуубузга абдан жакшы көңүл бөлдү. 7 бир туугандын төртөө мугалимдик кесипти аркаласа, бирөө дарыгер кесибинин ээси. Ал эми, калган экөөнүн бири милициянын майору жана бирөө жеке ишкер болду», - деди ал.

Роза Бегалиева 2 жогорку окуу жайды бүтүргөн.

«Маяковский атындагы кыз-келиндер окуу жайын жана азыркы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктагам. Воронцовка орто мектебинде 1983-жылдан бери эмгектендим. Алгач китепканага кызматкер болуп орноштум. Кийин директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп дайындалдым. Ал эми, 1998-жылдан бери аталган мектептин жетекчиси кызматын аркалап келе жатам. Мектеп учурда Бүбүсайра Бейшеналиеванын ысымын алып жүрөт», - деди ал.

Ардактуу мугалим үзүрлүү эмгегинин аркасы менен бир топ наамдар менен сыйланган.

«Эмгегимдин аркасы менен Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргызстан аялдар конгрессинин, Улуттук гвардиянын, Аламүдүн районунун билим берүү бөлүмүнүн, райондук администрациянын, профсоюз уюмунун ардак грамоталары менен сыйландым.

Жолдошум 36 жашында каза болуп калды. Учурда 4 балам жана 5 неберем бар. Менин жолумду улантып 2 кызым мугалим болуп иштеп жатышат. Улуу кызым Түркияда англис тили боюнча сабак берет. Кичүү кызым мектепте тарых мугалими болуп эмгектенүүдө», - деди ал.

Алган сыйлыктары:

- 2002-жылы «Билим берүүнүн эмгек сиңирген кызматкери» төш белгиси менен сыйланган;

- 2003-жылы «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин алган;

- 2016-жылы «Кыргыз туусу» гезитинин «Кыргыздын кыраан кыздары» наамын алган;

- 2016-жылы Мугалимдер конгрессинин алтын медалы менен сыйланган;

- 2016-жылы Ардактуу инсандар коомунун «Эл сүйгөн жетекчи» наамына татыган;

- 2017-жылы Чүй облусунун «Кеменгер» төш белгиси менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×