Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 22.10.2017 16:53

«Тагдыр»: 1,5 жаштагы Мариям жүрөгүнө тез арада операция жасатуу үчүн жардам сурайт (фото)

Turmush -  Аламүдүн районунун Достук айылынын 25 жаштагы тургуну Айгерим Жайырбекова жүрѳк оорусу менен ооруган 1,5 жаштагы кызына чукул арада операция жасоо үчүн жардам сурайт, деп билдирди аймактык кабарчы.

Анын айтымында, кызы тубаса жүрөк оорусу менен жабыркайт.

«Кызым Мариям Асангазиева 1,5 жашта, тубаса жүрөк оорусу менен жабыркайт. Бир клапаны жакшы өөрчүбөй калыптыр. Аны биз үч айында билдик. Ооруканага барганда дарыгер жүрөгүнүн соккону башкача, тез-тез согуп жатат деп атайын аппаратка жиберген.

Алгач эки ай сайын дарыгерге көрсөтүп турдук. Дарыгерлерге барган сайын операцияга бергиле деп айтышчу. Операция бир эмес эки жолу болуп калышы мүмкүн, бирок кепилдик жок дешкен. Муну угуп, түн уйкубуз бузулду. Бир жашында барганда 10 кг салмак топтогондон кийин операция кылабыз деп айтышты», - деди ал.

Кичинекей Мариямдын салмагы учурда 7-8 килограмм.

«10 килограммга жетпей калдык. Учурда кызым 7-8 килограмм. Украинадагы балдар борборунун улук дарыгерине кайрылдым. Ал силерде 1-1,5 ай убактыңар бар деп августтун аягында айткан.

Тубаса жүрөк оорулууларга кислород жетпегенде көзүнүн жана оозунун алды көгөрүп турат экен. Дарыгерлер бул учурга жеткирбегиле деп айтышты. Операцияга 7 миң евро талап кылынып жатат. Ушул каражатты топтой албай, элден жардам сурап жатам», - деди ал.

Кичинекей Асангазиева Мариямга жардам берем дегендер 0709 05 09 16, 0559 20 09 10 номурларына чала алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×