Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Чүй

Айыл турмушу: 21 жаштагы ашпозчу А.Абасов 1 жылда 150 тойго барып, дасторкондун кѳркүн ачат (фото)

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун 21 жаштагы тургуну Адилет Абасов 5 жылдан бери ашпозчулук кесипти аркалап келет. Ал бир жылда 150дөн ашуун кардардын тоюна барып, дасторкондордун кѳркүн ачып берет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Мен бул ашпозчулук кесипти аркалап келе жатканыма быйыл 5 жылдын жүзү болду. Ушул 5 жыл аралыгында бир топ тамак-аштарды жасаганды үйрѳндүм. Салаттардан 40тан ашуун түрүн билем. Жасаган тамак-аштарымдын баары ѳзүмѳ жагат. Ашпозчулук боюнча атайын билим алгам.

Кээде кафе-ресторандарга барып буйрутма менен иштеп калам. Кѳбүнчѳ үй тойлорго барам. Кызмат акы ар кандай, киши санына каралат. Орто эсеп менен 250-300 сом. Бир айда 10-15тей кардардан чакыруу алам. Бир жылда орто эсеп менен 150 кардардын үй тоюна барып, дасторкондун кѳркүн ачып берем.

Келечекте бүт дүйнѳнү кыдырып, ар элдин улуттук тамактарынан даам таткым келет», - деди ал.

Ашпозчу кесиби абдан кызыктуу экендигин жана өзүнө абдан жагарын билдирди.

«Күн сайын ар кандай күлкүлүү окуяларга туш болом. Бир жолу үйгѳ конок келип, ѳз колум менен күрүч басып жаткам. Коноктор менен сүйлѳшүп, сѳзгѳ берилип кетип күрүчкө суу куям деп колумдагы коко-кола суусундугун куюп алгам. Баары каткырып, ѳзүм да ыңгайсыз боло түшкѳм», - деди ал.

Ашпозчу үй-бүлѳдѳ 3 бир туугандын эң кичүүсү.

«Мен 1996-жылы Бишкек шаарында тѳрѳлгѳм. Ата-тегим Нарындан болушат. Учурда Аламүдүн районунда жашайм», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2431
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×