Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Чүй

Аламүдүндө жаңы китепкана ачылды (фото)

Turmush -  Аламүдүн райондук борборлоштурулган китепкана тармактарынын №2 филиалынын ачылыш аземи өттү. Аламүдүн айылынын №1 орто мектебиндеги иш-чарага айыл аймак башчысы Көлбаев Сактанбек, райондук мамлекеттик администрациянын маданият бөлүмүнүн жетекчиси Дамира Кубатова, акимдин биринчи орун басары Самат Кожобергенов баш болгон айыл аймак башчылар, китепкананын кызматкерлери, мугалимдер жана окуучулар күбө болушкан.

Китепкана айыл аймактын башчысынын демилгеси менен ачылып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 млн 400 миӊ сомдон ашык каражат бөлүндү. Учурда керектүү жабдыктар менен толук камсыздалды.

Райондук китепкана тармагында 22 китепкана бар. Жаӊы ачылган китепкананын фонду 8 миӊ нускадан туруп, «Манас» эпосуна, Чыӊгыз Айтматовго жана балдардын аӊ сезимин өнүктүрүүгө арналган атайын бурчтар уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1156
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×