Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Чүй

Аламүдүн районунда самбо боюнча эл аралык мелдеш уюштурулду (фото)

Turmush -  Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылында ѳспүрүмдѳр арасында самбо боюнча эл аралык мелдеш болуп ѳттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган мелдеш СССРдин спорт чеберлери Хасан Махаев, Таалайбек Шаршенов жана Таалай Жуманалиевдин жаркын элесине арналып, эки күнгө созулду.

Турнирдин жыйынтыгында өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн орун басары Ализа Солтонбекова самбо спортуна кошкон салымы үчүн Ѳмүрбек Махаевге ыраазычылык катын тапшырды.

Аталган эл аралык мелдешке 300 спортчу катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 772
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×