Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Чүй

Мектептин намысын коргогон таш-төбөлүк окуучулардын ийгилиги (фото)

Turmush -  Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы Б.Бейшеналиева атындагы орто мектептин окуучулары спорт жана билим тармагында ийгиликтерди багындырууда.

Аталган мектептин директору Роза Бегалиеванын айтымында, мектеп долбоорлор менен тыгыз иштешип, компьютерлер, интерактивдүү доскалар, проекторлор жана сыналгылар менен жабдылды.

«Мектеп эки имараттан турат. 1964-жылы эски имараты курулса, жаңысы 1989-жылы салынган. Эки имараттын чатырлары алмаштырылып, үнөмдөөчү электрдик радиаторлор менен жылытуу системасы иштейт. Биз Каржы министрлиги, Россиянын Кыргызстандагы элчилиги, кайрымдуулук фонддор жана башка долбоор-программалар менен тыгыз иш алып барабыз. Анын натыйжасында мектеп компьютерлер, интерактивдүү доскалар, проекторлор жана сыналгылар менен жабдылды. Ошондой эле, 6 даана ноутбук, 100 китеп, методикалык колдонмолор жана "Манас" эпосу тууралуу китептерди алдык. Кайрымдуулук фонд тарабынан мектепке машыгуу залы курулуп, теннис ойноочу 2 стол, 30дан волейбол, баскетбол жана футбол топтору берилди.

Мындан тышкары, 2012-жылы министрлик тарабынан өткөрүлгөн "100 инновациялык мектеп" сынагын жеңип, байге катары 13 компьютер, 3 проектор жана 3 интерактивдүү доска алганбыз. "Сапаттуу билим", "Үй-бүлө жана мектеп", "Бирге окуйбуз", "Азамат плюс" жана "Дүйнө каптамы" программалары менен тыгыз байланыштабыз. "Азамат плюс" программасы аркылуу 5 жылдан бери жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен мектеп ичинде 1-2-3-орундарды алган окуучуларга акчалай сыйлык берилет. Мектептин быйылкы бүтүрүүчүлөрүнүн арасынан 1-орунду (199 балл) алган Элиза Бессоннаяга 7 миң сом, 2-орунга (192 балл) ээ болгон Адинай Таирбековага 5 миң сом жана 3-орунду алган Айжамал Ботоевага 3 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. Ал эми аларды тестирлөөгө даярдаган мугалимдерге 1 миң сомдон ыйгарылды», - деди ал.

Акыркы 10 жылдын аралыгында аталган мектептин окуучулары республикалык, облустук жана райондук олимпиадаларда алдыңкы орундарга ээ болушууда.

«Окуучулар көбүнчө биология, англис тили, география, физика жана кыргыз тили сабактарынан жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүштү. Былтыр облустук олимпиадага 4 окуучу катышса, алардын ичинен 3 окуучу алдыңкы орундарга татыды. Кылымбек Байзакиев англис тилинен 2-орун, Алтымбек кызы Калия физикадан 3-орун жана Владимир Дерендяев биологиядан 3-орунга ээ болду. Ал эми, быйыл ЖРТнын жыйынтыгы менен 12 окуучу бюджеттик негизде окутулуучу бөлүмдөргө тапшырышты. Мындан тышкары, биздин мектеп 5 жылдан бери аскердик-колдонмо спорт түрү боюнча спартакиада да 1-орунду алып келет. Мектепте спорт тармагына да жакшы көңүл бурулат. Окуучулар дзюдо, биатлон, кичи футбол, баскетбол, волейбол, кыргыз күрөшү боюнча ар кандай спартакиадаларга катышып, 1-2-орундарды алышты. Алардын арасында дзюдо, биатлон боюнча Кыргызстандын чемпиону болгондор бар», - деди Р. Бегалиева.

Аталган мектепте жалпы 980 окуучу билим алып жана 50 мугалим эмгектенет. Анын ичинен 15 мугалим «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисине жана 1 мугалим эмгек сиңирген мугалим наамына татыган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1567
×