Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Чүй

Айыл турмушу: 29 жаштагы М.Дадабаева майрамдык көйнөктөрдү тигип, миң сомдон жогору баалайт (фото)

Turmush -  Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын 29 жаштагы тургуну Марьям Дадабаева 3 жылдан бери майрамдык кийимдерди, униформаларды жана мультфильмдердеги каармандардын кийимдерин тигип келет. Анын тиккен кийимдерин майрамдык кечеге ижарага алса да болот. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Жаңы жыл алдында ушул идея пайда болгон. Негизи андан мурун эле тикмечилик менен алектенчүмүн. Майрамдык кечелерге ар түрдүү кийимдерди тигүүнү ойлондум. Ишти баштаган соң, аны орто жолдон таштап салууну жаман кѳрѳм. Ошентип ойлогонумду ишке ашырдым. Эмгектерим ѳзүмѳ да, башкаларга да жакты. Ошентип быйыл бул ишти баштаганыма 3 жыл болду.

Кѳбүнчѳ майрамдык кийимдерди, мультфильмдердеги каармандардын кийимдерин жана униформаларды тигем. Эмгектеримди сатып алса да, ижарага алса да болот», - деди ал.

Ѳспүрүмдѳрдүн кийими ижарага 300 сомдон 450 сомго чейин барат. Ал эми чоң кишилердики 400 сомдон 800 сомго чейин бааланат.

«Сатыкка коюлгандар 1000 сомдон жогору кетет. Тигүү иштеринин татаалдыгына жана кездеменин кымбаттыгына жараша баасы бычылат.

Майда-чүйдѳ иштер менен алектенгенди, ар түрдүү улуттун баш кийимдерин тиккенди жактырам», - деди ал.

Марьям Дадабаева Бишкек шаарында 1988-жылы тѳрѳлгѳн. Үй-бүлѳлүү, 2 уул жана 1 кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1452
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×