Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 08.11.2017 08:59

Чоң Чүй каналына кулап кеткен унаанын айдоочусу 6 жаштагы баласы менен каза болду

Turmush -  Аламүдүн районундагы Чоң Чүй каналына «Пежо» үлгүсүндөгү унаа кулап, айдоочу баласы менен каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 7-ноябрда саат 21:00 чамасында катталган. ГЭС-5 жана Жер-Казар айылдарынын ортосунда Чоң Чүй каналына «Пежо» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру Е 60-20 S) унаа түшүп кеткен. ӨКМдин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары жана ӨКМдин №1 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жеткенге чейин айдоочунун жубайы — 1977-жылы туулган Т.Р. жана 1999-жылы туулган уулу Т.И., ошондой эле 2012-жылы туулган кызы Т.А. унаадан өздөрү чыгып кетишкен. Алар жаракат алган эмес.

Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу — 1975-жылы туулган Т.Т. жана 2011-жылы туулган уулу Т.Н. окуя болгон жерде каза болгон. Куткаруучулар унааны суудан чыгарып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×