Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Чүй

Аламүдүндүн Октябрь айылында 150 орундуу жаңы бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Октябрь айыл аймагында «Бал балакай» аттуу жаңы бала бакча ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бала бакчанын ачылышына өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн орун басары Ализа Солтонбекова, Аламүдүн райондук администрациясынын башчысынын орун басары Айбек Кулубаев, айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Чүй облусунун башчысынын орун басары Ализа Солтонбекованын айтымында, былтыркы жылы бул айылга жаңы мектеп да ачылган.

«Ар бир эне баласын бала бакчада тарбиялануусун каалайт эмеспи. Мына сиздердин да айылда кичинекей бөбөктөр үчүн бала бакча ачылып жатат. Былтыркы жылы жаңы мектеп да ачылган. Муну менен биздин ѳлкѳдѳ стабилдүүлүк орноп, туура багытта бара жатканыбызды белгилегим келет. Анткени, акыркы 7 жылда эле канчалаган социалдык обьектилер курулуп ишке берилди. Сиздердин айыл дотацияда турса да, ушундай жакшы иштер жасалып жатканы баарыбызды кубандырат», - деди ал.

Айыл аймактын башчысы Кылычбек Тойчу уулунун берген маалыматына караганда, бала бакча Октябрь айылындагы мектептин эски имаратында жайгашкан. Ал 150 балага ылайыкталып, анын оңдоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 800 миң сом, демѳѳрчүлѳр тарабынан 170 миң сом сарпталган.

Иш-чарага келишкен жергиликтүү кеңештин депутаттары бала бакчага электр мешин белек кылышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1101
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×