Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 10.11.2017 23:06

Аламүдүндүк окуучуларга чет өлкөдөгү окуу жайларга баруунун шарттары түшүндүрүлдү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 10-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Б.Бейшеналиева атындагы орто мектебинин жогорку класстарынын окуучуларына чет мамлекеттердеги окуу жайлардан билим алуунун шарттары түшүндүрүлдү. Бул тууралуу мугалимдер билдиришти.

Алардын айтымында, мектеп 4-5 жылдан бери «Менин мектебим» долбооруна катышып келет.

«Аталган долбоорго облус боюнча 5 мектеп катышат. Бүгүн долбоордун негиздөөчүлөрү 9-10-11-класстардын окуучуларына чет өлкөдөгү окуу жайларга тапшыруунун шарттарын айтып беришти», - дешти алар.

Аталган долбоор жыл сайын жалпы тестирлөөдөн жогорку упай алган 3 окуучуга жана жакшы көрсөткүч көрсөткөн мугалимдерге акчалай сыйлык берип келет. Мектеп ичинде тестирлөөнүн жыйынтыгында 1-орунга ээ болгон окуучуга 7 миң сом, 2-орунга 5 миң сом жана 3-орунга 3 миң сом берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×