Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Чүй

Айыл турмушу: 50 жаштагы С.Айталиев тарбиялаган 5 бала дүйнѳ чемпиондору болушту (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районунун 50 жаштагы тургуну Сыргак Айталиев 20 жыл машыктыруучу болуп эмгектенип, тай боксу боюнча дүйнѳ чемпиондорун тарбиялап ѳстүрдү. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Сыргак Айталиев жаштайынан спорт менен машыгып, тай боксу менен көптөгөн мелдештерге катышып келген. Бирок ортодон бир көзүнө операция жасатып, ошондон кийин мелдештерге катышпай, машыктыруучу кызматын аркалап калган.

«Бишкектеги №9 орто мектепте окуп, аны аяктаган соң Юридикалык академияга тапшыргам. 2005-жылы аталган окуу жайды бүтүрүп, дароо эле Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына тапшырдым. Аны 2009-жылы ийгиликтүү аяктап алдым. Спорт менен тээ бала кезден эле машыгам. Башталгыч класста эле бокс менен машыгып баштагам. Учурда тай боксу боюнча машыктыруучу болуп эмгектенем. Бул кызматты аркалаганыма 20 жыл болду. Менин эң негизги жетишкендигим — бул окуучуларымдын ийгилиги», - деди ал.

Анын 5 окуучусу тай боксу боюнча дүйнѳ чемпиондору болушкан. Алардын арасынан бирѳѳ дүйнѳнүн 2 жолку чемпиону болууга жетишти.

«Окуучуларымдын арасында дүйнө чемпионатында күмүш, коло медалдарга татыгандар да бар. Мындан ары да тай боксунун ѳнүгүшүнө жана дени сак муундун тарбияланып ѳсүшүнѳ салымымды кошо берем.

Мен үй-бүлѳлүү эмесмин. Балдарым да жок. Анткени ушул жумушум менен эле байланып калгам», - деди ал.

Сыргак Айталиев Бишкек шаарында 1967-жылы 20-октябрда тѳрѳлгѳн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1453
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×