Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Чүй

Кара-Жыгачтагы унаа кырсыктан 7 жаштагы бала баш болгон 3 адам каза болду

Turmush -  Кечээ, 20-ноябрда Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы унаа кырсыктан 3 адам мерт кетти. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Патрулдук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 15:45 чамасында катталган. 1966-жылы туулган адам «Тойота Камри» унаасын Фрунзе көчөсү менен айдап келе жатып, 5 адамды уруп кеткен. Алардын ичинен 1972-жылы туулган келин ошол жерде мерт болгон. Дагы 2 адам ооруканага жеткирилгенден кийин каза болушкан. Каза болгондордун бирөөсү 7 жаштагы бала экендиги такталды. Дагы 4 адам жабыр тартты. «Тойота Камринин» жүргүнчүсү да Чүй облустук ооруканасына жеткирилген.

Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3325
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×