Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Чүй

Айыл турмушу: С.Таровик 22 жылдан бери үйлѳрдү чычкан-келемиштерден тазалайт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылынын 49 жаштагы тургуну Светлана Таровик 22 жылдан бери буйрутма менен үйлѳрдү чычкан, келемиш жана курт-кумурскалардан тазалап берет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Ал 1968-жылы Украинада тѳрѳлгѳн.

«Мен 1995-жылдан бери ушул иш менен алектенип келем. Кошунамдан улам бул идея жаралган. Ал кеңеш ѳкмѳтүнүн убагында санэпидемстанцияда эмгектенчү. Тазалоо иштеримдин баасы ар кандай. Бир чарчы метри 30 сомдон башталат. Жатаканалардагы каналдарды тазалоо болсо 1000 сомдон ѳйдѳ турат. Үйлѳрдѳ кѳбүнчѳ таракан кѳп болот. Менин угушума караганда алар динозавр доорунан бери жашашат. Аларды тыптыйпыл кылып кырып салууга болбойт.

Таракандар кандай гана шарт болбосун, ѳзүнүн иммунитетин калыбына келтире алышат. Ошондуктан бир чачкан ууну кайра-кайра чачууга болбойт. Анткени, алар ошол ууга чыдамдуу болуп калышат да, жашоосун уланта беришет.

Кѳбү менден "келемиш-чычкандардан коркпойсузбу?" деп сурашат. Мен анда күлүп, "азыр келемиштерден эмес, адамдардан коркуш керек" деп жооп берем. Мен адамдарга зыянын тийгизбеген дары-дармектерди колдоном», - деди ал.

Светлана Таровиктин Кыргызстанга келгенине 26 жыл болду. Учурда 3 баланын бактылуу энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1715
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×