Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Чүй

«Жеңеке»: Кайын журтуна «чайыңарды шашпай ичкиле» деп айтып алган Айперинин күлкүлүү окуялары (фото)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикабыздын кезектеги каарманы — Чүй облусунда 1993-жылы төрөлгөн Руслан кызы Айпери. Ал турмуш жолуна эрте аттанып, бактылуу үй-бүлөнү жолдошу Сейитбек менен түптөгөн. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Жолдошум Аламүдүн районунун Арашан айылында 1992-жылы төрөлгөн. Экөөбүз баш кошуп, турмуш курганыбызга 8 жыл болду. Тактап айтканда, экөөбүз 16-17 жашыбызда турмуш курганбыз. Эрте баш кошкондуктан улуу кызыбыз 1-класс окуйт. Ал эми уулубуз 3 жашта. Жолдошум болсо улуттук оюндар боюнча спортчу. Ал улак тартышта байгелүү орундарды алып келет», - деди ал.

Айпери жолдошу менен бий аянтчадан таанышып, бир жылдай телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүшкөн.

«Арашанга таенем, таятамдын үйүнө эс алууга барып, айылдагы бий аянтчадан таанышып калганбыз. Экөөбүз телефон аркылуу бир жыл сүйлөшүп жүрдүк. Анда мен шаарда окучумун. Жаңы үй-бүлө курганда жашап кете алабызбы деп коркком. Кудайга шүгүр экөөбүз бири-бирибизди түшүнүп, бактылуу үй-бүлө курдук. Учурда мен үйдө балдарды тарбиялап, уй саап, каймак тартам. Бош убактымда кыздарга тырмак кооздоп, кирпик чаптап берем. Кардарларым үйгө келип турушат.

Азыр кыздар балдардын байлыгына карап, үйү, унаасы бар бекен деп турмушка чыгып жатышат. Бирок ал туура эмес. Жолдошум экөөбүз үй жайды жана башкаларды чогуу курдук. Ысык-суукту бир көрүп келе жатабыз. Ушундай болгондо гана бекем үй-бүлө түзүлөт», - деди ал.

Айпери жеңе жолдошунун спорт менен машыкканына деле маани берчү эмес.

«Жаңы турмушка чыкканда улак тартыш менен деле ишим жок болчу. Жума сайын үйдөгүлөр куурдак жей беришчү. Мен аябай таң калчумун. Апама айтсам, «кайын атаңдын малы көп болсо куурдак жейсиңер да» деп койчу. Көрсө улак утуп келип, куурдак жечү экенбиз.

Өзүм эки бир тууганмын. Үйдө апам үчөөбүз жашачубуз. Ал эми, Сейитбек көп бир тууган. Жаңы келин болуп келгенде дасторкон даярдап, баарына чай куюп, эми өзүм ичейин деп жатсам эле чынылар биринин артынан бири келип калат. Ошондо «чайыңарды шашпай ичкилечи» деп айтып алганымды өзүм да байкабай калыптырмын. Ыраматылык кайнатам каткырып, «Айпери чайыңды ичип ал, азыр менин чыным барат» деп күлгөн эле. Кайнатам жакшы киши эле, мени өз кызындай көрчү», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13447
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×