Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Чүй

Аламүдүндө «Хонданын» айдоочусу 2 жөө жүргүнчүнү сүзүп, 5 жаштагы бала жана аял каза болду

Turmush -  Аламүдүн районунда эки жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп, анын кесепетинен 2 адам каза болду. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык бүгүн, 8-январда саат 08:00 чамасында болгон.

«Курманжан Датка көчөсү менен түндүктү көздөй бара жаткан «Хонда» унаасынын 48 жаштагы айдоочусу Аламүдүн айылындагы "Чекиш-Ата" базарынын аймагынан эки жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен», - деп айтылат маалыматта.

Жол кырсыктын кесепетинен 5 жаштагы бала окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми 45 жаштагы аял ооруканага жеткирилип, алган жараатынан улам каза болгон.

Аталган факт боюнча материалдар РИИБдин тергөө кызматына берилди. Унаанын айдоочусу РИИБге алынып келди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1084
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×