Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Чүй

Жол кырсыкка кабылган унааны мас милиционер башкарып жүргөн

Turmush -  Бишкек шаарында жол кырсыкка катышкан унаалардын биринин айдоочусу милиция кызматкери болуп чыкты. Ал окуя учурунда мас абалда болгону аныкталганын АКИpress агенттигине булактар 8-январда билдирди.

4-январдагы окуяга катышкан мас милиционер — Аламүдүн РИИБдин тергөөчүсү. Болжолдуу маалыматтар боюнча жол кырсыктан кийин милиционер ооруканага жаткырылган.

Учурда тергөө иштери жана кызматтык териштирүүлөр жүрүп жатат. ИИМдин басма сөз кызматы бул окуяны тастыктап, тергөө, тактоо иштери аяктагандан кийин маалымат бериле турганын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1228
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×