Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 15.01.2018 09:25

Аламүдүндөгү эки айылдын ортосунан өткөн Ат-Башы каналына көпүрө курулду (фото)

Turmush -  Аламүдүн районундагы Васильевка айыл аймагына караштуу Полевое айылы менен Ала-Арча айыл аймагына караштуу Мраморный айылынын ортосунан өткөн Ат-Башы каналына көпүрө курулду. Бул тууралуу Васильевка айыл өкмөтүнүн башчысы Аида Казбекова билдирди.

Анын айтымында, бул көпүрө шаарга жана мал базарга каттоочу жолду кыскартат.

«Көпүрөнүн ачылышы ушул жылдын 13-январында болуп өттү. Көпүрө айыл өкмөттүн колдоосу жана айыл элинин күчү менен салынды», - деди ал.

Көпүрөнүн ачылыш аземине Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлдөрү, айылдык кеңештин депутаттары, Ала-Арча айыл өкмөт башчысы жана аталган эки айылдын тургундары катышты. Көпүрөнүн курулуш иши 7 айдын ичинде бүткөрүлүп, ага жалпы 350 миң сом сарпталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×