Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Чүй

Чүйдө каналга кулаган унаанын айдоочусу каза болду

Turmush -  Чүй облусунун аймагында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсык болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынан бүгүн, 15-январда маалымдашты.

Маалым болгондой, 29 жаштагы Д.Т. «Мицубиси Галант» үлгүсүндөгү унаа менен 13-январда саат 05:00 чамасында Бишкек—Кой-Таш жолунда түндүк багытка бара жаткан. Унаа «Супара» этнокомплекси тараптан башкаруусун жоготуп, каналга түшүп кеткен. Бул кырсыктан оор жаракат алган айдоочу окуя болгон жерде каза болду. Ал эми, жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилген.

Топтолгон материалдар Аламүдүн РИИБге берилип, тактоо, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 938
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×