Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Чүй

«Жеңеке»: Тикмечи Э.Шабданалиевага жолдошу баш кошуп калар күнүн билген эмес (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылынын 31 жаштагы тургуну Элиза Шабданалиева жана анын жолдошу Сагынбек Серкебаев баш кошор күнүн билишкен эмес. Алар кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн учурда жолдошунун үйүнө конокко барып, күтүүсүздөн үйлөнүп калышкан. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Элиза Шабданалиева кесиптик окуу жайдан билим алып, тигүүчү болуп чыккан.

«Мен заводдо иштеп жүргөн кезде жолдошум ошол заводдун 1-кабатында эмгектенчү экен. 2006-жылы заводдон экөөбүз таанышканбыз. Ал күн эч эсимден кетпейт. Жумушка кирип, тепкичке жеткенде артымдан "киши тааныбай эле кете бересиңби?" деп биринчи жолу сүйлөгөн. Артымды карасам "эмне тааныбай калдыңбы?" деди. "Чын эле тааныган жокмун, качан тааныштык эле?" деп суроо узаттым, анда жолдошум "таанышпайлыбы " деп айтканда гана таанышкам. Кыз-жигит болуп жүргөндө ал "ата-энем менен тааныш" дегенинен башка күнү деп жүрчүмүн. 1-июнда "жүрү ата-энем менен тааныштырып, андан кийин сейилдөөгө чыгабыз" дегенинен макул болуп үйүнө бардым. Бир маалда элдер тез эле чогулуп калышты, мен эч нерсе түшүнбөй калдым. Андан соң мага жоолук салып отургузуп коюшту. Буга чейин жолдошум гүлзардагы розаны үзүп келип, сейил бактан ары-бери өткөн кишилерге карабай колумду сураган болчу. Эң кызыгы жолук салып, ошол күнү эле мени алып каларын жолдошум өзү да билбептир. Жолдошум аябай таң калып, бирок өзүн тез эле колго алып, аябай сүйүнүптүр. Жолдошум жакшы киши жана балдарына жакшы ата. Балдардын сабагын окутат, такыр урушпайт», - деди ал.

Кайын иниси Элиза жеңенин ата-энесинин үйүнө барганда күлкүлүү окуяга туш болгон.

«Кайын журтум менен ата-энемдин алдына барганбыз. Тойдо кайын иним чарчап, тапчанга барып уктап калыптыр. Анын төшөгүнө күчүк да кирип уктап калыптыр. Кетерде аны ойготкондо төшөгүнөн күчүк атып чыкса баарыбыз чочуп кеттик. Ал күчүк бир чети жүрөгүбүздү түшүрсө, бир чети аябай күлдүргөн.

Бош убактымда буйрутма алып төшөк, жууркандарды жасайм, кээде кийим дагы тигем. Ошондой эле, балдарым менен мультфильм көргөндү жакшы көрөм. Келечекте кызыбызды Түркия өлкөсүндө окутсак деген максаттарыбыз бар. Өзүбүз да Түркияга барып эс алсак дейм», - деди ал.

Элиза жеңе 1 кыз жана 2 уулдун апасы. Жолдошу Сагынбек Серкебаев 1982-жылы туулган, ширетүүчү болуп эмгектенет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3304
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×