Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Чүй

Тилсиз жоо: А.Абидов 28 миң долларга алган үйү өрттөнүп, үй-бүлөсү менен көчөдө калды (фото)

Turmush -  Аламүдүн районунун 30 жаштагы тургуну Алишер Абидов жубайы менен бирге мындан 4 жыл мурун 28 миң долларга турак үй сатып алышкан. Жаңы жылдан кийин, тактап айтканда 2018-жылдын 6-январында өрт чыгып, үйү жана үйдүн ичиндеги эмеректер, тиричилик техникалары, ошондой эле 30 миң сом акчасы толугу менен өрттөнүп кетти.

А.Абидов аймактык кабарчыга билдиргендей, анын үйү Аламүдүндөгү Панфилов көчөсүндө жайгашкан.

«Турак үйүбүздү мындан 4 жыл мурун 28 миң долларга сатып алган элек. Үй менен чогуу 30 миң сом акчабыз жана эмеректер, тиричилик техникалары өрттөнүп кетти. Өзүм маршруттук каттамдагы айдоочу болуп эмгектенем. Учурда үй-бүлөм менен Новопокровкада туугандардыкында жашап жатам. Мен 30 жашта болсом, аялым Ольга Сичкарь 32 жашта. Экөөбүздүн эки уулубуз бар, улуусу 11 жашта, кичүүсү 4 жашта», - деди ал.

А.Абидов үйүн оңдоого курулуш материалдарына жана тиричилик техникаларына муктаж болуп жаткандыгын кошумчалады.

«Учурда үйдү кайра тургузууга аракет кылып жатабыз. Кимде тиричилик техникалары, төшөнчүлөрү жана эмеректери ашык болсо же кереги жок болсо бизге берүүнү суранат элек. Менин телефон номурум — 0550 154 897», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5786
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×