Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Чүй

«Жеңеке»: «Туттуңбу» деген сөздү унуткан молдо Бермет менен жолдошунун никесин эки жолу кыйган (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айыл өкмөтүндөгү Бек-Тоо дачасынын 25 жаштагы тургуну Бермет Ынтымак кызы кышкы салаттардын, суусундуктардын жана кыямдын түрүн жасап, күнүгө ондон ашуун кардарга сатат. Ал мындан сырткары айымдардын сумкасын тигүүнү максат кылууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Жолдошум менен баш кошкон күнү молдо келип, никебизди кыйды. Бирок жолдошум экөөбүзгө "туттум" деген сөздү айттырган жок. Андан соң баарыбыз тамакка отурдук. Бир маалда жолдошум молдокеден "туттурбай эле никебизди кыйып койдуңуз го" деп сураса, "кокуй, унутуп калган турбаймынбы" деп кайра никебизди кыйды. Үйдөн күлбөгөн киши калган жок. Ошентип эки жолу никебиз кыйылган», - деди ал.

Бермет Ынтымак кызы 1993-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Туура-Суу айылында жарык дүйнөгө келген.

«Мен Сагынтай атындагы орто мектебин аяктаган соң, Кыргыз-түрк "Манас" университетинен билим алып чыккам. Жолдошум менен коомдук жаштар бирикмесинен таанышып калганбыз. Анын эң алгачкы белеги эсимден кетпейт. Анткени кыштын ызгаар суугунда роза гүлүн мага чейин үшүтпөй алып келиптир. Аябай сүйүнгөм. Жолдошум менин жүрөгүмдү чечкиндүүлүгү менен багындырган. Ошондой эле ашкере кызганбаганы жагат. Биздин үй-бүлө ынтымактуу жана бактылуу үй-бүлө. Чолпонай аттуу кызыбыз бар. Дагы бир наристе күтүп жатабыз», - деди ал.

Каарманыбыз салат жана кыям сатуудан тышкары бозо салып сатат.

«Бала менен үйдө отургандан бери жолдошума кантип жардамдашсам деп ойлонуп, суусундук, салат, бозо жасап, кардарларга сата баштадым. Салаттын кошулмаларын көбүнчө интернет желелерден алам. Бир литр салат 100 сомдон 250 сомго чейин, 3 литр таттуу суусундук 150 сомдон 250 сомго чейин болсо, кыямдарым деле ошол баада. Ал эми бир литр бозо 40 сомдон сатылат. Күнүгө салат, суусундуктарга ондон ашуун кардар келсе, бозого көп келишет. Күнүгө өтпөй калды дегенде 10-15 литр бозо өтөт. Мындан сырткары түймө түйүп, кийим тиккенди жактырам. Алдыда айымдар үчүн сумкаларды токуп сатсамбы деген максаттарым бар», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4715
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×