Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Чүй

Аламүдүндөгү турак үйдүн дарбазасын унаа сүзүп, жаш кыз көз жумду

Turmush -  Бүгүн, 29-январда Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында адам өмүрүн алган жол кырсык болду. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, саат 04:00 чамасында унаа аталган айылдагы турак үйлөрдүн биринин дарбазасын сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен алган жаракатынан улам жаш кыз ошол жерде көз жумду. Унаанын айдоочусу (жаш жигит) жана дагы бир кыз ооруканага жеткирилди.

Окуя болгон жерде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочулар, ошондой эле ӨКМдин куткаруучулары иштеди.

Учурда тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1390
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×