Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 05.02.2018 18:06

Кой-Ташта 22 жаштагы кызды сүзүп өлтүргөн айдоочу кармалды

Turmush -  Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында 22 жаштагы кызды сүзүп, андан соң изин жашырып качып кеткен жол тандабастын айдоочусу кармалды. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 3-февраль күнү болжол менен саат 19:45 чамасында Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кой-Таш айылында жайгашкан дүкөндүн жанынан жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Алдын ала маалыматка караганда, аталган күнү болжол менен саат 19:30 чамасында Кой-Таш айылынын Аблесов көчөсүнөн түштүктөн түндүктү көздөй бара жаткан жол тандабас жолдун жээгиндеги жөө жүргүнчүнү сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Жабырлануучу жолдошу Беш-Күңгөй айылында жайгашкан аскер госпиталына алып бара жатканда жолдон каза болгон.

Ыкчам тергөө тобу тарабынан жол кырсыгы катталган жерге кароо жүргүзүү учурунда унаанын алдыңкы фараларынын жана оң капталындагы күзгүнүн сыныктары алынган. Окуя болгон жерден табылган унаанын тетиктери болжол менен «Хонда HRV» үлгүсүндөгү унаасына таандык экендиги аныкталган. 4-февраль күнү болжол менен саат 12:00 чамасында Аламүдүн райондук ЖКККБнын кызматкерлери Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында аталган кылмыш ишине шектүү катары Арашан айылынын 40 жаштагы А.Б. аттуу жашоочусу кармалган. Ал эми үйүнүн короосунан «Хонда HRV» үлгүсүндөгү унаасы табылган.

Азыркы учурда автоунаа атайын айып төлөнүүчү аянтчага киргизилди. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, бул иш боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×