Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 01.08.2018 11:58

Аламүдүндө дайынсыз жоголгон эки өспүрүм бала Ысык-Көлдөн табылды

Turmush -  Аламүдүн районунда дайынсыз жоголгон эки өспүрүм бала Ысык-Көл облусунан табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Аламүдүн районунда 2005-жылы туулган Алмазбек уулу Курманбек жана 2007-жылы туулган Кутманбек Базарбаев изделип жаткандыгы маалымдалган. Алар 30-июлда болжол менен саат 16:30 чамасында Виноградное айылында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келишкен эмес.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында балдар Ысык-Көлдөн табылган. Ал эми Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына өздүк булактар аталган балдарды 1986-жылы туулган К.А. аттуу апасы көлгө ас алдырууга алып кеткенин билдиришти.

«Балдар Виноградное айылында чоң апасы менен турушат. Өз апасы түштүк аймакта жашайт экен. Ал дайыма балдарына келип турчу. 30-июлда балдарын Ысык-Көлгө алып кетиптир. Чоң апасы балдарды сурабай алып кеткенин айтып жатат», - деп билдиришти өздүк булактар.

Учурда бул окуя милиция кызматкерлери тарабынан териштирилүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×