Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 01.08.2018 15:42

Айыл турмушу: Спортчу Д.Туратов Тажикстандын көчөлөрүндө адашып, турнирге кечигип кала жаздаган (сүрөт)

Turmush -  Көптөгөн мелдештерге катышып, алдыңкы орундарды камсыздап келген Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылынын 23 жаштагы тургуну Динисбек Туратов 11 жылдан бери спорттун бир нече түрү менен машыгып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен 2002-жылы Маевка орто мектебине кирип, аны 2013-жылы аяктадым. Андан соӊ, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына тапшырып, аны 2017-жылы ийгиликтүү аяктап алдым.

Спорт менен 2007-жылдан бери машыгып келем. Алгач каратэ менен баштагам. Андан кийин кикбоксинг, джиу-джитсу, эр таймаш, джит кун-до аттуу спорттун түрлөрү менен машыгып келе жатам. Спортко келүүмө машыктыруучум Өткүр Худояров түрткү болду. Ал кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болгон. Агайдын ийгиликтерине баа берчүмүн. Ушул агайыма жана Мирлан Кенжеевге ыраазычылыгымды билдирем.

Жетишкен ийгиликтерим кудайга шүгүр. 2013-жылы джиу-джитсу профи-файт боюнча Азия чемпиону болдум. Эр таймаш, кикбоксинг, ушу-саньда боюнча эл аралык мелдештердин көп жолку чемпионумун. 2018-жыл пенчак силат боюнча республиканын чемпиону аталгам. Өзүмдүн тажрыйбаларымды окуучуларга үйрөтүп, 3 жылдан бери машыктыруучу болуп иштеп да келем. Алгач 15 адамга жетпеген окуучум бар эле, учурда 30 адамдан ашты. Машыктыруу залыбыз Аламүдүн районунун Маевка айылында жайгашкан. Спорт залыбыздын шарттары жакшы.

Спорт — мен үчүн жашоо. Спорт аркылуу кыргыз элиме таанылдым, ата-энемдин кубанычына, сыймыгына бөлөндүм. Спорт мага биринчи тарбия, экинчи өзүмө болгон ишенимдүүлүктү берди, ал аркылуу көптөгөн жакшы адамдар менен тааныштым», - деди ал.

Динисбек Туратов 1995-жылы 29-апрелде Тажикстанда төрөлгөн.

«Мен Тажикстанда төрөлгөнүм менен кичинекей кезимде эле Кыргызстанга келгенбиз. Атам Пиримкул Туратов 1967-жылкы болсо, апам Бактыгүл Туратова 1974-жылкы. Келекчектеги максаттарым көп. Эң башкысы эл керегине жараган мамлекеттик кызматкер болсом дейм. Ошондой эле, адам бойдон калсам деген тилегим бар. Үй-бүлөлүк абалым — бойдокмун. Бирок Алина аттуу сүйлөшкөн кызым бар», - деди ал.

Спортчу Тажикстанга барып, көчөдө адашып, турнирге кечигип кала жаздаган.

«Мен кичинекей кезимде эле Кыргызстанга көчүп келгендиктен, тажик тилин жакшы өздөштүрө албай калгам. Ушуга байланыштуу бир кызыктуу окуя болгон. Бир жылдары Тажикстандын Лелинабад шаарына турнирге барып, көчөлөрүнөн адашып калгам. Беттеш мына-мына башталат деп турган. Көчөдөн ары-бери өткөндөрдөн жолду орус жана кыргыз тилдеринде сурасам, эч ким түшүнбөй, баштарын чайкашат. Эми эмне кылам деп, келген жолумду эстеп, даректи эптеп таап баргам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×