Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 06.08.2018 15:48

Изилдөөчү Г.Оморова роуп-джампинг спорту тууралуу айтып берди (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Чуӊкурчак капчыгайында Кыргызстанда биринчи жолу роуп-джампинг (аркан менен секирүү) мелдеши уюштурулуп жатат. 60 метр бийиктиктен төмөнгө карай секирик жасаган изилдөөчү Гүлбара Оморова аркан менен секирүү спорту тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Ысык-көлдүк Гүлбара Оморова тоолуу аймактарды изилдөө институтунда изилдөөчү болуп эмгектенип келет. Ал бийик тоолорду, кооз жаратылыштарды сүйөт жана аларга суктанат. Кышкы экстремалдык спорттун түрлөрүнө кызыгуу менен бирге альпинизм, тоо туризми менен алектенип, альпинисттик топ менен бирге машыгат.

«Мен экстремалдуу спорттун түрлөрүн жактырам. Көпчүлүк адамдар бийиктен аябай коркушат эмеспи. Мен тескерисинче ырахат алам. Буга адам моралдык жактан даяр болушу керек. Көпчүлүк адамдар секирем деп келип, коопсуздук курун байланып, жардын кырына тургандан кийин кайра артка кетенчиктеп, секирбей калганын билдиришет.

Бул спортто альпинисттердин арканын байланып, бийик имараттардан, чокулардан, тоолордон, жарлардан секиришет. Бизге бул спорт мындан 4 жыл мурун келип, бирок өнүгө албай, ошол бойдон жок болуп кеткен. Азыр Новосибирск шаарынан келген жигит бул спортту сүйүүчүлөргө кызмат көрсөтүп, уюштуруп берип жатат.

Мага мисалы көп кабаттуу имараттардан секирүү жакпайт. Мага ушундай тоо койнунда секирүү жагат. Бишкектик кээ бир тургундар келип, секирип жатышат.

60 метр бийиктик жаӊы үйрөнчүктөргө арналган. Эң жөнөкөй секирик болуп эсептелинет. Мен 100 метр бийик жерден секирсем деп жүрдүм элем, бирок бизде азырынча анчалык бийиктик жок», - деди ал.

Тема боюнча: Фото — Бийиктиктен эбегейсиз эргүү алган альпинист Г.Оморова чокудагы сезимдерин айтып берди

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×