Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 09.08.2018 09:27

Аламүдүн районунда көлмөгө чөгүп кеткен кишинин жансыз денеси табылды

Turmush -  Аламүдүн районунда көлмөгө чөгүп кеткен адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы 9-августта билдирди.

Маалыматка караганда, 8-августта ГЭС-5 көлмөсүнө 1989-жылы туулган К.Н. аттуу эркек киши чөгүп кеткен. ӨКМдин №1 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары саат 11:10до маркумдун жансыз денесин суудан таап алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×