Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 13.08.2018 10:19

Аламүдүндө мончо, турак үй жана эски дүкөн өрттөндү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 17 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 13-августта ӨКМдин басма сөз кызматы.

Чүйдүн Аламүдүн районундагы Аламүдүн айылында жыгач устундуу темир жабылган мончонун, турак үйдүн 150 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Адамдар жабыркаган жок. Меш менен мордун туура эмес түзүлүшү өрткө себеп болгон.

Ошондой эле Аламүдүндөгү Төмөнкү Ала-Арча калктуу конушунда бош турган дүкөндүн 16 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×