Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 16.08.2018 10:00

Аламүдүндүн Көк-Жар айылындагы каналга агып кеткен жигит табылбай жатат

Turmush -  Кечээ, 15-августта Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы каналга түшүп кеткен 24 жаштагы Ш. уулу К. аттуу жигитти издөө иштери бүгүн да уланат. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, анын каналга түшүп кеткени жөнүндө маалымат куткаруучуларга саат 10:40 чамасында жеткен. ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын жана №1 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, бирок табылган эмес. Издөө иштери бүгүн, 16-август күнү да улантылат. Жалпы 9 куткаруучу иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×