Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 17.08.2018 09:48

Аламүдүндө каналдагы сууга түшүп кеткен 24 жаштагы жигит табыла элек

Turmush -  Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылынын аймагында каналдын суусуна түшүп кеткен 24 жаштагы жигитти издөө иштери бүгүн, 17-августта улантылат, деп маалымдайт ӨКМ. Буга чейин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын, №1 өрт-куткаруу бөлүмүнүн жана №27 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары – жалпы 27 адам издөө иштерине чыгып, бирок натыйжа болгон эмес.

Окуя 15-август күнү саат 10:40 чамасында болгон. Изделип жаткан Ш. уулу К. 1994-жылы төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×