Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 22.08.2018 17:59

1 жума мурун сууга агып кеткен жигиттин денеси Чоң Чүй каналынан табылды

Turmush -  Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы каналдагы сууга агып кеткен 24 жаштагы жигиттин жансыз денеси бүгүн, 22-августта табылды. Издөө иштерине жалпы 20 куткаруучу тартылганын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

1994-жылы туулган Ш. уулу К. Көк-Жар айылындагы Быстроток каналына 15-август күнү түшүп кеткен. Ал ошол күндөн бери изделип жаткан болчу. Бүгүнкү издөө иштеринин жүрүшүндө Чоң Чүй каналынан эркек адамдын денеси табылып, ал изделип жаткан Ш.К. экени такталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×