Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 23.08.2018 17:19 На русском

Аламүдүндө эркек киши 700 сом үчүн таанышына бычак сайган

Turmush -  Аламүдүн райондук соту 700 сом үчүн таанышына бычак сайган эркек кишиге өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Маалым болгондой, окуя ушул жылдын 16-мартында Аламүдүн районундагы кафелердин биринде болгон. Жабырлануучунун айтымында, 16-март түнү кафеде уктап жаткан. Аны айыпталуучу ойготуп, 700 сомун сурап баштаган. Абир (аты өзгөртүлдү) анын акчасын албагандыгын айтып, чөнтөктөрүн көрсөткөн. Андан соң, ал артына кайрылганда Артык (аты өзгөртүлдү) бычак менен сайып жиберген.

Тергөөлөрдүн жыйынтыгында сот Артыкты 3 жылдык сыноо мөнөтү менен 6 жылга шарттуу түрдө кести.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×