Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 29.08.2018 22:12

Айыл турмушу: 32 жаштагы Алтынбектин шырдактары Австралия, Вена, Техаска чейин сатылат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылынын 32 жаштагы тургуну Алтынбек Шаршеналиев кол өнөрчүлүк менен алектенип, шырдак жасайт. Эмгектери алыскы Техаска чейин тараганын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Өзүнүн айтымында, кол өнөрчүлүк менен 10 жылдан бери алек. Ал жасаган эң кымбат шырдак 60 миң сомго сатылган.

«Алгач апама жардамдашып жүрүп, үйрөнүп кеттим. Буга чейин ашпозчу болуп Бишкекте, Россияга чейин барып иштеп келгем. Шырдактын баалары өлчөмүнө жана жасалгасына жараша болот. Акыркы жасаган шырдагым Венага сатыкка кетти. Буйрутмалар кудайга шүгүр болуп жатат. Дүйнөнүн бир топ мамлекеттерине, анын ичинде Австралия, алыскы Техаска чейин биздин шырдактарды алып кетишти. Азыр кыргыздын шырдактары туристтердин үйлөрүндө салынуу», - деди ал.

Алтынбек Шаршеналиев: «Шырдакты илгеркидей ыкма — жөрмөк шыруу менен жасайм. Азыркы жасап жаткан шырдактарымдын айырмасы жасалгасында. Алгач кийизди бышырып, жууп, боёп даярдап алабыз. Боёкторго табигый чөптөрдү колдонобуз. Оймолорду мурда апам чийчү, 2 жылдан бери өзүм чийип жатам. 3 жыл мурун 3,30х3,60 метр болгон бир даана чоң шырдакты 60 миң сомго саттым. Акыркы жасаган эмгегим Венага 35 миң сомго сатылды.

Кээ бирде жибиңди, ийнеңди таппай калып, ар кайсы жерде издеп жүрсөң жаныңда эле жаткан болот. Иштеп жатканда мындай кызыктуу окуялар көп эле. Музыка угуп отуруп, ырдап иштейбиз. Өзүм да ырдаганды жакшы көрөм. Шырдак жасарда чоң энелерибиз жакшылыкка салынсын, жакшы шырдак болсун деп жакшы тилектер менен тиккен экен. Биз да ошентип жакшы ой менен баштайбыз. Шырдакты үй-бүлөөбүз менен жасайбыз. Мисалы, 2,5х1,50 метр болгон шырдактан эки даананы 20 күндө бүтүрөбүз» - деди.

Кол өнөрчү 1986-жылы Аламүдүн районунда төрөлгөн. Учурда бойдок.

«Өзүмө окшогон сулуу, чырайлуу жар издеп жүрөм. Эгер тамак жасаганды билбесе, жасаганды үйрөтүп алам. Азыркы учурда И.Арабаев атындагы Кыргыз улуттук университетине модельер кесибине тапшырдым» - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×