Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 27.08.2018 19:00

«Айрымдар "байке" деп кайрылышат»: Чач өстүрүп көрбөгөн спортчу айым атаандашын таягы менен чогуу оодарган (видео, сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылынын 33 жаштагы тургуну Күлиса Алсеитова 2 жылдан бери таяк тартыш спорту менен машыгып, көптөгөн мелдештерде ийгилик жарата алды. Аймактык кабарчы спортчу айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, мүнөзү эркектердикине окшош жана чачы кыска болгондуктан айрымдар ага «байке» деп кайрылышат.

«2017-жылы Ырыс аттуу тааныш бала спорттун ушул түрүн мага сунуштап калды. Көп ойлонбостон барып катыштым. Буга чейин волейбол, баскетбол ойноп жүрчүмүн. Негизи эле балбандык канымда бар. Чоӊ атам, атам, агаларымдын баары балбан болгон. Көк бөрүгө катышчу. Мен да ат мингенди абдан жактырам», - деди ал.

Спортчу 2 жылдын ичинде бир топ ийгиликтерге жетишип, көптөгөн медалдарды алган.

«2017-жылы 30-май күнү "Дени сак улут – өнүккөн өлкө" аттуу ураандын алдында өткөн республикалык турнирде мас-рестлинг боюнча кыздар арасындагы беттеште 1-орунду багындыргам. Андан кийин актер Болот Бейшеналиевдин 80 жылдык мааракесинде 1-орунду, 31-август – Эгемендүүлүк күнүндө 1-орунду, 2018-жылы Бишкек шаарынын чемпионатында 2-орунду, Ысык-Көлдө өткөн Азия оюндарында 2-орунду багындырдым. Ушул эле жылы Кыргыз Республикасынын чемпионатында 3-орунду, Чүй облустук мелдештерде 1-орунду, "Супара көчү" мелдешинде 1-орунду ээлегем. Быйылкы "Дени сак улут – өнүккөн өлкө" турниринде 1-орунду жеӊип алдым», - деди ал.

Күлиса Алсеитова мелдеш учурунда жалал-абаддык атаандашын таягы менен чогуу оодарып салганын эч унутпайт.

«Бул спорттогу эреже шартка туура келет. Атаандашыңды таягы менен чогуу оодарып салган учурлар чанда кездешет. Ал жалал-абаддан келген спортчу болчу. Анда биз 85 кг салмак менен чыкканбыз.

Көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүүчү таяк тартыштын тандоо турунда 3-орунду алып калдым. Негизи 2-орунду жеӊмекмин деп ойлойм. Мен мелдешке чейин салмагымды түшүрүп, мына эртеӊ мелдеш деген күнү кафеге конокко барып, тамак-аштан ууланып калдым. Ошондо бир топ алым кетип калыптыр. Бул дагы эстен кеткис окуя болду», - деди ал.

Күлиса айым бир жумада 4 кг салмакка чейин арыктай алат.

«Мен 100 килограммга чейин салмак кошо алам. Бир жолу беттешке 95 кг салмакта чыгып, 135 кг салмактагы атаандашымды жеңип алгам. Эӊ оор күрөш ушул болду.

Бир жумада 4 кг арыктап, кайра 5-6 кг салмак кошо алам. Салмакты азайтуу кыйын, ал эми салмак кошкон жеӊил эле. Бир ай мурун 94 кг болчумун. Азыркы учурда 87 кг болдум. Бир аз жеӊилдеп алайын деп салмакты түшүрдүм», - деди ал.

Күлиса Алсеитова 1985-жылы Аламүдүн районуна караштуу Арашан айлында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 8 бир туугандын жетинчиси.

«Мүнөзүм эркек баланыкындай. Бала кезден чачымды кыска кырктырып жүрөм. Бир да жолу узун кылып өстүргөн эмесмин. Бала кезден узун чачка көнбөгөнгөбү, айтор жүдөп кетем. Элдер артымдан эркек балага окшоштуруп, "байке" деп кайрылып калган учурлар да болуп калат. Кокус көчөдөн эркек балдар тиеше турган болсо, өзүмдү коргой аларыма 80 пайыз ишенем.

Спорттон сырткары үйдө мал чарба менен алектенебиз. Келечекте жаш улан-кыздарды таяк тартыш менен машыктырсам деп ойлойм», - деди ал.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×