Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 28.08.2018 10:35

Айыл турмушу: Мугалим К.Салманованын окуучусу «сизге бала болом» деп үйүнө барбай күлдүргөн (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургуну Каныкей Салманова 32 жылдан бери эл агартуу тармагында эмгектенип келет. Ал үзүрлүү эмгегинин арты менен Билим берүүнүн мыктысы төш белгиси менен сыйланган. Мугалим менен аймактык кабарчы таанышты.

Каныкей Салманова учурда Бир-Булак орто мектебинде башталгыч класстын окуучуларына билим берип жатат.

«Бир жолу начар окуган окуучуга "сен мага бала болуп, мындан ары менин үйүмө жашайсыӊ жана ал жактан сабак окуйсуӊ" деп койгом. Аны айтарын айтып алып, унутуп калыптырмын. Окуучулар сабактан чыккандан кийин карасам баягы бала дагы деле отурат. Үйүңө кетпейсиӊби десем, "эже мен сиздин үйүӊүзгө барып, бала болом" деп күлдүргөн. Тарбия иштери боюнча бөлүм башчы болуп иштеп жүргөн кезде өзүм окуткан класска барып калдым. Ал учурда орус тили сабагы болуп жаткан экен. Баракты компьютерден бастырып чыгаруу керек болчу. Класска кирерим менен эмнеге келгенимди унутуп калдым. Үнүмдү чыгарып, мен эмнеге келдим эле деп сүйлөнүп калсам, алдыӊкы партада отурган кыз "эже, сиз бизди окутканы келгенсиз" деп баарыбызды күлдүргөн», - деди ал.

Мугалим 1964-жылы Аламүдүн районундагы Кашка-Суу айылында төрөлгөн. Байтик айыл өкмөтүндөгү Орто-Алыш орто мектебин ийгиликтүү аяктаган. Ал окуучу кезде комсомол комитетинин жетекчиси болуп, коомдук иштерге активдүү катышкан. Мектепти бүткөндөн кийин кыргыз кыз-келиндер институтунда билим алып, аны ийгиликтүү аяктап, Чүй гимназиясында мугалим болуу менен эмгек жолун баштаган.

«Андан кийин 1998-жылы Бербулак орто мектебине башталгыч класстардын мугалими болуп ишке орношуп, ушул күнгө чейин эмгектенип келем. Чынын айтсам өзүмдүн кесибимди абдан сүйөм. Үзүрлүү эмгектин арты менен райондун, облустун, министрликтин ардак баракчалары, Билим берүүнүн отличниги төш белгиси менен сыйлангам.

Башталгыч класстын мугалими болгондуктан ар бир балага аяр мамле кылууга туура келет. Балдар менен гана эмес, ата-эне менен да ар дайым ынтымакта, бирдикте иштеп, байланыш көпүрөсүн түзө билиш керек. Эмгек жолумда 7 классты окутуп, бүтүрдүм. Ар бир класстагы окуучулардын өзгөчөлүктөрү бар. 2016-2017-жылкы бүтүрүүчүлөр эӊ чоӊ сыйлыктар, жетишкендиктер менен бүтүрүштү. Бул бүтүрүүчү классымдын ичинен 4 окуучу Россиядагы, 5 окуучу Бишкектеги мыкты окуу жайларга өтүштү. Андан кийинки бүтүрүүчүлөрүм "Манас таануу" ийрими менен сынактарга катышып, алдыңкы орундарга жетишти. Окуучуларым коомдук иштерге, алып баруучулукка кызыгып, жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүштү.

Сабак өтүүдө заманбап ыкмаларды колдонобуз. Сапаттуу билим берүү боюнча иштеп келем. Долбоор аркылуу окуучу, ата-энелер менен көп иштерди алып бардым», - деди ал.

Ардактуу мугалим 4 кызды тарбиялап өстүрдү.

«Жолдошум оорудан улам каза болуп калган. Бош убакта неберем менен бөлмөдөгү гүлдөрдү өстүргөндү, интеллектуалдык берүүлөрү көрүп, тарбиялык сааттарга сценарий түзгөндү жакшы көрөм» - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×