Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 28.08.2018 12:02

Аскер кызматкери унаасы менен жүргүнчү аялды сүзүп өлтүрдү. Баласы ооруканада

Turmush -  Аламүдүндөгү Лебединовка айылынын аймагында «Хендай» үлгүсүндөгү унаа балалуу аялды сүзүп кетти. Окуя кечээ, 27-августта саат 00:30 чамасында болуп, рулда «Кант» авиабазасынын аскер кызматкери экени белгилүү болду.

Бүгүн, 28-августта АКИpress агенттигине Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, оор жаракат алган аял ооруканага бара жаткан жолдо көз жумган. Ал эми анын баласы ооруканага жаткырылды. Учурда тактоо, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×