Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 28.08.2018 13:49

Жашы жете электерге рейд: Аламүдүндө сыра ичип отурган 2 өспүрүм кармалды (сүрөт)

Turmush -  Үй-жайсыз жана кароосуз калган жашы жете элек өспүрүмдөргө канчалык чара көрүлсө да, жашоо шарты татаал абалга кептелген өспүрүмдөрдүн саны азайган жок. Жакында эле Аламүдүн районунда өспүрүмдөргө карата профилактикалык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, райондогу, айыл аймактагы жергиликтүү бийлик, билим берүү, үй-бүлө жана балдар менен иштөө бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте жашы жете элек өспүрүмдөргө карата профилактикалык иш-чара уюштурулду. Анда өспүрүмдөрдүн арасынан кылмыштуулукка баргандар, көчөдө кайырчы болуп жүргөндөр жана балдарына татыктуу тарбия бербеген ата-энелер аныкталды.

«Профилактикалык иш-чара 25-августтан 26-августка чейин Маевка, Пригород, Ленин, Лебединов, Аламүдүн, Көк-Жар, Кара-Жыгач айылдарында өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында өспүрүмдөрдүн көбү Чекиш-Ата жана Пригород айылынын мал базарында, Төмөнкү Ала-Арчада жүргөнү аныкталды. Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын каттоосунда турган 28 өспүрүм балага түшүндүрүү иштери жүрдү. Мындан сырткары 7 баланы жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын каттоосуна алуу үчүн тиешелүү материалдар даярдалууда.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Аламүдүн айылында сыра ичип отурган 2 өспүрүм кармалды. Алар – 2000-жылы туулган Ш.М. жана 2002-жылы туулган О.Б. болгон. Балдар атайын комиссияга өткөрүлүп берилди», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×