Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 30.08.2018 23:47

Айыл турмушу: Бою 2 метрлик окуучусунан корккон М.Кыдыргычованын билим берүүдөгү күлкүлүү окуялары (сүрөт)

Turmush -  Аламүдүн районунун О.Турсуматов атындагы Бер-Булак орто мектебинин химия жана биология мугалими Марипа Кыдыргычова билим берүү тармагында 37 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнү айтымында, Нарын районундагы, Нарын шаарындагы, Ат-Башыдагы мектептерде жалпы 16 жыл иштеп, кийин Чүй аймагына келген.

«1965-1975-жылдары Оттук орто мектебинде окугам. Мектепти бүткөндөн кийин классташтарым менен чогуу өндүрүштө 2 жыл иштедим. Анда кыздар саанчы болуп эмгектендик. 20-25 баш уйду эртеӊ менен саат 04:00дөн баштап саат 09:00гө чейин араӊ саап бүтчүбүз. Кийин көнүп кеттик. 2 жыл бою колубуз менен уй саап жүрүп, манжаларыбыз эркек балдардыкындай жоон болуп калган. Ошентип өндүрүштө иштегенден кийин В.В.Маяковский атындагы Кыз-келиндер педагогикалык институтуна тапшырып, окууну ийгиликтүү аяктадым. Нарын районундагы, Нарын шаарындагы, Ат-Башыдагы мектептерде жалпы 16 жыл иштеп, 1997-жылдан баштап Аламүдүн районуна караштуу О.Турсуматов атындагы Бер-Булак орто мектебинде иштеп келе жатам. Райондук, облустук мамадминистрациядан, министрликтен ардак баракча алып, "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгисине татыдым», - деди ал.

Марипа Кыдыргычова 1957-жылы 19-декабрда Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылында төрөлгөн.

«Негизи дарыгер болгум келчү. Бирок, жөнөкөй эле кара коӊуздан корком, анан кантип адам дарылайм деп, мугалимдик кесипке тапшыргам. Биринчи жолу өндүрүштүк практикага Аламүдүн районунун Таш-Мойнок орто мектебине бардык. Өндүрүштүк практикага барган 7 кыз ошол мектепти тазалап иштеген эженин үйүндө 2 ай жашаганбыз.

Окууну бүткөндөн кийин Нарын районунун Жаӊы-Талап айылындагы мектепке жумушка орношком. Ошондо эстен кеткис окуяга туш болгом. 8-класстагы бир окуучу күндө эле артын карап алып сүйлөй берчү. Бир күнү жаӊы теманы түшүндүрүп жатсам, баягы бала дагы сүйлөп баштады. Аябай ачуум келип, колумдагы дептер менен аны башка чаап жибердим. Ал чочуп кетип, ордунан тура калды. Баланын боюн көрүп, мен андан коркуп кеттим. Боюнун узундугу 2 метр экен. Ал окуучу партадан такыр турчу эмес. Көрсө боюнан уялчу экен. Экөөбүздүн бири-бирибизден коркуп кеткенибизди көргөн окуучулар аябай күлүшкөн. Кийин ал окуучум ачылды. Достошуп алдык. Ушул окуядан кийин экинчи окуучуну чаппайм деп, өзүмө-өзүм убада бергем», - деди ал.

Мугалим үй-бүлөлүү, 3 уул, 1 кыздын апасы.

«Жолдошум маданият кызматкери, азыр пенсияда. Экөөбүздүн 3 уулубуз, 1 кызыбыз, 5 неберебиз бар. Баардыгы жогорку билимдүү. Эӊ кичүүсү үйлөнө элек. Калганы үйлүү-жайлуу болушту», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×