Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 03.09.2018 15:42

Айыл турмушу: 26 жаштагы көк бөрүчү Сейитбек Көчмөндөр оюндарында чабуулчу катары ойнойт (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылынын 26 жаштагы тургуну Анарбек уулу Сейитбек Каракуш аттуу тулпары менен Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү мелдешине катыша турган Кыргызстандын курама командасында чабуулчу катары ойнойт. Аймактык кабарчы улуттук спортту даӊазалап, 8 жылдан бери көк бөрүдө ойноп келе жаткан Сейитбек менен таанышты.

«Кыргызстандын курама командасы "Ынтымак", "Достук" жана "Биримдик" аттуу үч тайпадан куралды. Мен болсо курама командага чабуулчу катары тандалдым. Азыркы минип жүргөн атым 4 жылдан бери көк бөрү мелдешине түшүп келе жатат. Атымдын каймана аты Каракуш. Кудай буюрса 1-орунду алабыз деп турабыз. Даярдыктарыбыз абдан жакшы», - деди ал.

Анарбек уулу Сейитбек көк бөрү боюнча Кыргызстандын 4 жолку абсолюттук чемпиону болгон.

«Мен көк бөрү менен алектенгениме 7-8 жылдай болуп калды. Кыргызстандын 4 жолку абсолюттук чемпиону, КРдин президентинин кубогунун 4 жолку ээси болдук. 2013-жылы Азия чемпионатында 2-орунду алып, күмүш медалга ээ болгонбуз. 2014-жылы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1-орунду, 2016-жылы да Көчмөндөр оюндарында 1-орунду алганбыз», - деди ал.

Спортчу 1992-жылы 17-декабрда Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Арашан айылында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×