Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 31.08.2018 18:07

Жеңеке: М.Кыдыргычова жолдошу эмне үчүн андан кечирим сурабай калгандыгын айтып берди (сүрөт)

Turmush -  Аламүдүн районунун О.Турсуматов атындагы Бер-Булак орто мектебинин химия жана биология мугалими Марипа Кыдыргычова билим берүү тармагында 37 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Ал келиндик доордогу кызыктуу окуяларын аймактык кабарчыга айтып берди.

«В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институту Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун жатаканасына жакын болчу. Ушул жатакана жактан жолдошум достору менен чогуу биздин кыздардан "Нарындык кыз барбы? Тааныштыргыла" деп сураптыр. Кыздар унчукпай коюшуптур. Кийин 5-курста №50 орто мектебинде өндүрүштүк практикада жүрсөк жолдошум досу менен келиптир. Ошол жактан таанышып калганбыз.

Жолдошум кичинесинен аллергия менен ооруп, кара жумушка жарабай калган экен. Бирок, жан дүйнөсү таза, ак көӊүл киши. Экөөбүз баш кошкондон кийин, сырттагы жумуштарды туура эмес жасап алса, менден кечирим сурай берчү. Бир күнү ачуум келип, "Эркек деген кечирим сурабайт" деп койсом, ошондон кийин кечирим сурабай калган», - деди ал.

Марипа Кыдыргычова жолдошу менен чогуу 3 уул, 1 кызды тарбиялап өстүрдү.

«Жолдошум маданият кызматкери, азыр пенсияда. Экөөбүздүн 3 уулубуз, 1 кызыбыз, 5 неберебиз бар. Баардыгы жогорку билимдүү. Эӊ кичүүсү үйлөнө элек. Калганы үйлүү-жайлуу болушту», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×