Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 06.09.2018 22:53

Айыл турмушу: 22 жылдан бери көк бөрү ойногон М.Алсеитов Оштун 3000 жылдыгында «Волга» уткан (сүрөт)

Turmush -  Көк бөрүчү Мирланбек Алсеитов 17 жашынан бери мелдештерге катышып келет. Ал командасы менен чогуу Ош шаарынын 3000 жылдыгында автоунаа утуп алган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Мирланбек Алсеитов Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында 1979-жылы төрөлгөн.

«Мен 17 жашымдан көк бөрүгө катышып келе жатам. Көпчүлүк айылдык балдардай эле бала кезим ат үстүндө өттү. Ат менен жумуш кылабыз, мелдештерге барабыз, ат менен оюн-күлкү курабыз, айтор ат жалында чоӊойдум. Ушул 22 жылдын ичинде бир топ мелдештерге катыштым жана көп ийгилик жарата алдым. Арашан командасы менен чогуу Ош шаарынын 3000 жылдыгында "Волга" утканбыз. 1-2-орундарды көп алдык. Минген аттарымдын ичинен эӊ мыктысы жана эсимде калганы Тома деген тулпарым болгон», - деди ал.

Мирланбек мырза үй-бүлөлүү, 1 уул жана 2 кыздын атасы.

«Билимим орто. Үйдө уулум да улакчы болом дейт. Азыртадан мелдештерге акырындан катышып баштады. Жубайым менен бирге түтүн булатып жашап келе жатканыбызга 18 жыл болду. Анын бардык мүнөзү жагат. Көк бөрүгө түшкөн адамга күчтүү тамак-аш дагы керектелет. Жубайымдын жасаган даамдуу тамактары күч-кубат берет. Ал жасаган тамактардын ичинен лагман жагат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×