Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 07.09.2018 15:38 На русском

Милиционер абакка баңгизат киргизүүгө аракет кылган

Turmush -  Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы №27 абактын аймагына тыюу салынган затты киргизүүгө аракет кылган 2 адам кармалды. Окуя 2017-жылдын 16-декабрында болгонун ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын бири ошол аймактан кармалып, бирок экинчиси качып кетүүгө жетишкен болчу.

Ал эми соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда табылган зат 189,67 гр салмактагы марихуана экени айтылган. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси боюнча кылмыш иш козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө экинчи шектүү — 1984-жылы туулган Н.К.Ж. 2018-жылдын 10-августунда колго түшүрүлдү. Ал ошол учурда Бишкектеги РИИБдин кызматкери болуп эмгектенип жүргөн.

Учурда тергелген иш сотко берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×