Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 13.09.2018 09:27 На русском

УКМКнын кызматкерлери Мамкаттоонун адисин кармады

Turmush -  УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Мамлекеттик каттоо кызматынын Аламүдүн району боюнча Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментиндеги бөлүмдүн башкы адисин кармашты. Ал УКМКнын абагына убактылуу камакка алынган.

Ведомствонун маалыматы боюнча, аны кармоо буга чейин КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 204-304-350-беренелер менен козголгон иштин алкагында жүргүзүлдү.

Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү жоопкерчиликтүү кызматтагы адамдар менен биргелешип, коррупциялык схема түзүшкөн. Ал Бажы биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн Кыргызстандын аймагына ташылып келген автотранспорт каражаттарын бажы төлөмдөрүсүз мыйзамдаштырууга багытталган.

2018-жылдын сентябрь айында мындай жол менен алынып келген 2 автоунаа — «Лексус» жана «Вольво» табылып, мамлекетке 3 млн 204 миң сом зыян келтирилгени аныкталган. Бул чыгым бюджетке толугу менен кайтарылды.

Учурда бул багыттагы текшерүү иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×