Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 13.09.2018 09:39

Аламүдүн районунда турак үй өрттөнүп, күйүк алган эки адам ооруканага түштү

Turmush -  Аламүдүн районунда турак үйдөн өрт чыгып, күйүк алган эки адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы 13-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, Ленин айылындагы Коммунар көчөсүнүн №98 дарегинде жайгашкан турак үйдүн жана сарайдын жалпы 136 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган чатыры күйгөн.

«Өрттүн кесепетинен 1979-жылы туулган А.Д., 1980-жылы туулган Е.Д., 1940-жылы туулган В.Л. аттуу жарандар денесинен 5% күйүк алган. Тез жардам кызматкерлери тарабынан алар райондук ооруканага жеткирилген», - деп айтылат ӨКМдин маалыматында.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×