Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 14.09.2018 12:11

Аламүдүндө дайынсыз жоголгон 50 жаштагы Е.Золотухина изделүүдө (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Садовое айылында туулган 50 жаштагы Золотухина Елена Владимировна изделип жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал ушул жылдын 8-мартында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: баш сөөгүнүн оӊ тарабында клепонациясы бар, оӊ буту аксап басат жана буттарынын биринде жол кырсыгынан калган 15 см өлчөмүндөгү тагы бар. Боюнун узундугу 160-165 см, арык чырай, көзү жашыл.

Кийген кийимдери: кызгылт өӊдөгү кофта, ачык көк түстөгү жинсы шым, кара сумка.

Золотухина Елена Владимировнанын жүргөн жерин билгендер 0(312) 36-35-27, 0700(20-96-66), 0550 (51-09-05) номурларына же «102» кызматына кайрылса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×