Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 14.09.2018 12:32

Аламүдүндө 31 жаштагы жигит дайынсыз жоголууда (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Аламүдүн айылында туулган 31 жаштагы Миллер Михаил Андреевич изделип жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал ушул жылдын 8-сентябрында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: Боюнун узундугу 170-172 см, арык чырай, көздөрү күрөң. Оң ийининде «Playboy» деп жазылган татуировкасы бар.

Кийген кийимдери: боз өӊдөгү футболка, кара жеӊил жинсы шым, кара жана көк түстөгү бут кийим.

Миллер Михаил Андреевичтин жүргөн жерин билгендер 0(312) 36-35-27, 0700(20-96-66), 0550 (51-09-05) номурларына же «102» кызматына чала алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×