Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 17.09.2018 11:50 Жаңыланды: 17.09.2018 18:37 На русском

«Тагдыр»: Уулунун оорусу менен күрөшкөн Венера Сатылганованын сахнасыз өткөн 10 жылы (сүрөт)

Turmush -  Бир кездерде коомчулукка «18 жаш» аттуу ыр менен белгилүү болгон Венера Сатылганова менен белгилүү актер Мурат Мамбетовдун жалгыз уулу Нурдан 6 жашынан тарта муун оорусуна кабылып, буту баспай келет. Аймактык кабарчы 10 жыл бою уулунун оорусу менен күрөшүп, үйдө отурган Венера Сатылганова менен маектешти.

Венера Сатылганова 1971-жылы Токтогул районунда төрөлгөн. Учурда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында жашап жатат.

- Венера айым, учурда уулуңуздун абалы кандай?

- Рахмат, жакшы. Уулумдун диагнозу - ревматоиддик артрити. Кудайым буюрса, келечекте айыгат деген үмүт менен жашап келебиз. Уулумду Үрүмчүгө алып барганбыз. Операция жасайбыз дешти, бирок кепилдик жок дегенинен баш тарттык. Үрүмчү эмес башка чоң шаарларга алып барсак, мүмкүн ал жакта башкача болот беле деп да ойлонуп калам.

- Чыгармачылыксыз өткөн 10 жылыңызды чоң үмүттөр коштосо керек.

- Ооба, 10 жылдан бери чоң үмүттөр менен жашап келе жатабыз. Жакшы болуп кетет деген үмүттөр менен күн кечирип жатып, убакыттын кандай өтүп кеткенин байкабай калдык. Нурдан 6 жашында ооруган, быйыл 17 жашка чыгайын деп турат. Арга жок, балалуу болгондон кийин балаң үчүн жашайт экенсиң да. Биринчи орунга баланы коюп калат экенсиң. Ушул он жылдын ичинде Мурат экөөбүз балабызды бутуна тургузабыз деп, эмне гана кылган жокпуз. Колубуздан келишинче баарын жасап келе жатабыз. Эми бир күнү кудайдан кайтаар деп үмүттөнөбүз.

- Элге белгилүү болуп, сахнада жүргөндө сизди тегеректеген дос-туугандарыңыз азыр деле тегеректеп жүрүшөбү? Ал-акыбалыңыздарды сурап турушабы?

- Эми достор, тааныштар ар кандай. Ал-акыбалды сурагандар да, сурабагандар да бар. Кайын журтума, өзүмдүн эжем Гүлнур Сатылгановага, бир туугандарга абдан ыраазыбыз. Көп жардам берип турушат.

- Сахнаны сагынасызбы?

- Ооба, сахнаны сагынам. Буулугам, ырдагым келет. Кээде той-топурда ырдап, бугумду чыгарып алам.

- Мындай кыйын күндөрү Мурат байке экөөңүздөр бири-бириңиздерге кандай сөз айтып, жөлөк болуп турасыздар?

- Биз, Мурат экөөбүз жеңилбейбиз деген ураан менен жашап келе жатабыз. Мындан ары да ошентип жашайбыз. Мен иштебей балам менен үйдө отургандыктан, Мурат колунан келишинче иштеп жатат. Эми оору бар жерде каражат көп сарпталат экен. Ошондуктан эки-үч жерде чарчаганына карабай иштеп жатат. Ушундай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бизге убагында жардам берген Ассоль Молдокматовага, Дарика, Азамат Асылбашевдорго, «Элес» тобуна жана кыргыз элине ыраазычылык билдирем.

- Мурат байке экөөңүздөр кайсы жылы үй-бүлө курдуңуздар?

- Экөөбүз беш жылдай сүйлөшүп жүрүп, 2000-жылы үйлөнгөнбүз. 2001-жылы балалуу болгонбуз.

- Кудай буюрса, уулуңуз айыгып кетсе сахнага кайра кайтып келесизби?

- Албетте, сахнага бир жолу келип алгандан кийин, аны биротоло таштап кетүү өтө кыйын. Ушунча жылдан бери балам жакшы болсо эле чыгам деп келем. Бирок билбейм, убакыт бир жерде токтоп турбайт экен. Жаштыгың, сулуулугуң да өтүп кетет экен. Эми аны убакыт көрсөтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×